Орусиялык супермодель Наталья Водянова бүгүн, 28-февралда 35 жашка толду. Ал 1982-жылы 28-февралда Орусиянын Нижний Новгород шаарында төрөлгөн. Атасы үй-бүлөсүн таштап кеткендиктен кыздары менен жалгыз калган апасы аялдамада жемиш сатып, нан таап күн көргөн. Наташа кыздардын улуусу болгондуктан кичинекей бөбөктөрүн багып, үй жумушун жасоого милдеттүү болгон. Кичүү сиңдиси майып болгондугуна байланыштуу апасы ооруканага көп каттоого аргасыз эле. Минтип апасы бошобогон кезде жемиш сатуу жумушу да Натальяга жүктөлө турган.
Натальяны 15 жашында досу Евгений Чкаловдун моделдик агенттигине алып келет. 100 талапкер кыздын ичинен Евгенийдин көзү дал ушул Водяновага түшөт. Натальяга ал "англис тилин үйрөнүшүң керек" деген талап коёт. Ошентип орус "Золушкасы" мына ушундай татаал турмушту башынан кечирип жер шарына таанымал болгон.
Белгилей кетсек, Н.Водянова "Gucci", "Chanel", "Calvin Klein" жана башка мода үйлөрү менен иштешкен. Учурда Парижде жашап, кайрымдуулук иштери менен алектенет.
Наталья 2001-жылы "Агент Ийнелик" фильминде роль жаратып актриса катары таанылган. Кийин "Тыгын" (2008), "Титандардын кагылышы", "Вий: Кайтып келүү" (2010), "Керемет айым" (2012), "Мадемуазель Си" (2013) тасмаларына тартылган.
Жеке жашоосу
2002-жылдын күзүндө сүрөтчү-аристократ Жастин Тревор менен баш кошкон. Экөө 3 балалуу болуп, 2010-жылы ажырашып кетишкен. Учурда француз бизнесмени, миллиардер Антуан Арно менен жашайт. Экөөнүн ортосунда бир баласы бар.