ЭЛДИК ВИДЕО: Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов Лара Фабиандын ырын жогорку деӊгээлде аткарды

"Элдик видео" бөлүмүнө "Димаш Кудайбергенов Лара Фабиандын "Adagio" ырын аткарды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов Кытайда өтүп жаткан "Singer-2017" сынагынын алтынчы этабында роялда ойноп, бельгиялык белгилүү ырчы Лара Фабиандын "Адажио" ырын аткарган.

"Ал "Адажио" ("Adagio") ырын абдан жогорку деӊгээлде аткарды. Ырдын орто ченине жеткенде көрүүчүлөр ордунан туруп, колдой башташты. Көрүүчүлөр ыйлап жатышты. Алар тынбай "Димаш, Димаш!" деп кыйкырып жатышты", - деп жазып чыккан Кытайдагы социалдык тармактын колдонуучулары.

Учурда казак ырчысы сынактын жетинчи этабындагы алдынкы үчтүккө кирген.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altai85
2017-02-28 15:51:17
Чындыгында жогорку денгеелде толкундана турган ырдапсын баурым кытайлордын оозун ачырыпсын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан