ЖЫЛНААМА, 28-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү орусиялык комедиялык актёр Гарик Харламов 36 жашка толду

Белгилүү орусиялык комедиялык актёр, "Comedy Club" теледолбоорунун катышуучусу Гарик Харламов 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 28-февралда Москвада туулган. Өз аты-жөнү - Игорь Харламов. Ал КВНде Москванын "МАМИ" курама командасында жана "Незолотая молодёжь" командаларында ойноп, кийин "Комеди Клаб" юмор долбооруна кирген. Андан сырткары Муз-Твда "Три обезьяны" программасын, "Офис" реалити-шоусун жана "Бульдог-шоулорун" алып барган. "Саша+Маша", "Мага бакыт тартуула", "Иван Чонкин аттуу жоокердин кызыктуу окуялары", "Клуб", "Эң мыкты фильм", "Жаңы жылыңыздар менен, апалар!", "Достордун достору" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Жеке жашоосу

2010-жылы Москвадагы түнкү клубдун кызматкери Юлия Лещенко менен никеге туруп, 2 жыл чогуу жашаган соң ажырашып кетишкен. 2013-жылы "Интерны" сериалында роль жараткан актриса Кристина Асмуска үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда Настя аттуу кызы бар.

28-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан