Орусиялык "Блестящие" тобунун экс-солисти жана муз үстүндө бийчи Анна Семенович 37 жашка толду. Ал 1980-жылы 1-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагынан муз үстүндө бийлөө боюнча машыга баштаган. Өзүнөн эки-үч жашка улуу балдар менен машыккандыктан, алар менен чогуу окууга да туура келип, болочок фигурист кыз 5 жашында Спорт комитетинин алдында түзүлгөн атайын мектепте 1-класстын окуучусу болууга үлгүргөн. Алгач белгилүү машыктыруучу Наталья Дубованын кол алдында тарбияланып, кийин жалгыз эмес, түгөй менен бийлөө жагына өтүп Елена Чайковскаянын мектебине барган. Эң биринчи шериги, бийдеги түгөйү болгон Володя Фёдоров менен бирге Орусиянын муз үстүндө бийлөө боюнча өткөргөн чемпиондугунда 3-орунду багындырышкан. Кийин Роман Костомаров менен бийлеп, экөөнүн дуэти дүйнөдөгү эң күчтүү жана тажрыйбалуу 10 түгөйдүн алтынчысы катары саналууга жетишкен.
21 жашында бутунан жаракат алып, оор операцияны башынан өткөргөн. Ошондон кийин Телевидение тармагына аралаша баштаган. Көптөгөн каналдарда алпаруучу жана кабарчы болуп иштеген. СТС телеканалында иштеп жүргөндө "Блестящие" тобу менен жолугуп, анын продюсери Аннаны топко чакырган. 2007-жылы Орусиянын Биринчи каналы тарабынан даярдалган “Муз доору” теледолбоорунда Анна Семенович кайрадан муз аянтчасында өз жөндөмдүүлүгүн тартуулаганы чыгып машыгуу үчүн убакыт жетишпей калгандыктан, "Блестящие" тобу менен кош айтышкан.
Анна Семенович муз үстүндөгү бийчи, ырчы, телеалпаруучу гана эмес актриса катары да таанылган. Алсак, "Түнкү күзөт", "Бойдоктор", "Тагдырдын тамашасы. Уландысы", "Ржевский Наполеонго каршы", "Кызыл баш кийимчен" жана башка тасмаларга тартылган. 2016-жылы анын "Не просто любовь" аттуу ыры чыгып, КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты хиттердин катарына кирген.
Жеке жашоосу
А.Семеновичтин жеке жашоосу дайыма журналисттердин жана күйөрмандарынын көңүл борборунда. Ырчы "Муз доору" теледолбооруна катышып жүргөндө ага өзүнөн 5 жаш улуу Дмитрий аттуу жеке ишкер келип жүргөн. Бул тууралуу Анна кыялындагы адамды жолуктурганын айткан. Бирок үлпөт тою болгон эмес. 2017-жылдын башында ырчы 40 жашына чейин балалуу болууну самап жатканын, ошондой эле аны жалгыз тарбиялоого даяр экендигин журналисттерге айткан.