Велоспорт боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону Евгений Ваккер Бахрейнде өтүп жаткан веложарыш боюнча Азия чемпиондугуна катышууда. Ал жекелик жарышта 38 чакырымды 50 мүнөт 48 секундада багынтып, марага 4-орунда келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалым болгондой, Евгений Ваккер коло байге ээси Гонконг спортчусу Чеун Кин Локтон 10 секунд гана артта болгон. 1-орунду казакстандык Дмитрий Груздев багынтса, кореялык Хенг Мин Чо күмүш медалга ээ болду.
43 жаштагы кыргыз спортчусу 2-мартта 180 чакырым аралыкка жарышка түшөт.