Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык баскычында Кыргыз өлкөсүнөн эки команда катышат. Өлкө чемпиону “Алай” командасы дароо тайпалык баскычтан орун алса, “Дордой” командасы квалификациялык баскычты жеңип чыкты. Эми аталган эки клуб “D” тайпасында Тажикстандын чемпиону “Истиклол” жана Түркмөнстандын чемпиону “Алтын Асыр” командалары менен күч сынашат. Бул тууралуу АФКнын сайты билдирет.
Аталган тайпадан 1-орун алган команда АФК Кубогунун чейрек финалына чыгат.
Тайпалык оюндардын жүгүртмөсү:
1-тур, 14 март
"Истиклол" (Тажикстан) – "Дордой" (Кыргыз өлкөсү)
"Алай" (Кыргыз өлкөсү) – "Алтын Асыр" (Түркмөнстан)
2-тур, 2-апрель
"Алтын Асыр" (Түркмөнстан) – "Истиклол" (Тажикстан)
"Дордой" (Кыргыз өлкөсү) – "Алай" (Кыргыз өлкөсү)
3-тур, 18-апрель
"Истиклол" (Тажикстан) – "Алай" (Кыргыз өлкөсү)
"Дордой" (Кыргыз өлкөсү) – "Алтын Асыр" (Түркмөнстан)
4-тур, 3-май
"Алай" (Кыргыз өлкөсү) – "Истиклол" (Тажикстан)
"Алтын Асыр" (Түркмөнстан) – "Дордой" (Кыргыз өлкөсү)
5-тур, 17-май
"Дордой" (Кыргыз өлкөсү) – "Истиклол" (Тажикстан)
"Алтын Асыр" (Түркмөнстан) – "Алай" (Кыргыз өлкөсү)
6-тур, 31-май
"Истиклол" (Тажикстан) – "Алтын Асыр" (Түркмөнстан)
"Алай" (Кыргыз өлкөсү) – "Дордой" (Кыргыз өлкөсү).