Мындан 148 жыл мурун, 1869-жылы 1-мартта орус окумуштуусу Дмитрий Менделеев табият таануу илиминин маанилүү закондорунун бири - элементтердин мезгилдик системин түзгөн.
Элементтер мезгилдик системи - Д.И.Менделеевдин элементтер мезгилдик законун таблица түрүндө туюнткан химиялык элементтердин табигый классификациясы. Иоганн Дёберейнер, Жан Батист Дюма, Александр Шанкуртуа, Уильям Одлинг, Жон Ньюлендс, Леонардо Майер сыяктуу окумуштуулар химиялык элементтерди системге салууга аракеттенишсе да, элементтер айрым бир топ ичиндеги мыйзам ченемдүүлүгүн ачуу менен гана чектелишкен. Бул ачылыштарга таянып, Д.И.Менделеев 1869-жылы элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген системди сунуш кылган. Бул таблицада "ар бир химиялык элемент белгилүү гана бир орун алыш керек" деген пикир чоң мааниге ээ болгон жана кийинчерээк бир нече жаңы элементтерди ачууга алып келген. Германий, технеций, рений, полоний, гелий жана башка элементтердин ачылышы Д.И.Менделеевдин законунун негизинде алдын ала айтылган.
1-мартка карата жылнаама