ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: 39 жыл мурун Швейцарияда Чарли Чаплиндин сөөгү уурдалган

Мындан 39 жыл мурун, 1978-жылы 1-мартта Швейцариядагы Женева көлүнүн жанындагы көрүстөнгө көмүлгөн атактуу америкалык жана англиялык киноактёр Чарли Чаплиндин сөөгү уурдалып, кылмышкерлер анын жакындарынан 650 миң доллар акча талап кылышкан. Полиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармашкан. Анын сөөгү 17-майда мурдагы ордунан 15 чакырым алыс жерден табылып, Швейцариядагы Корсье-Сюр-Вев шаарындагы Меруз көрүстөнүнө коюлган. Кылмышкерлер 38 жаштагы Болгариянын тургуну жана 24 жаштагы Польша жараны болгон. Экөөнүн тең кесиби авто-механик экендиги аныкталган.

1-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан