ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: 27 жашка толгон Аваз Акимов "Туулган күндү белгилөөгө көңүлүм жок" дейт

Бүгүн, 1-мартта ырчы Аваз Акимов 27 жашка толду. Аны куттуктап чалганыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, Оштогу гастролунан Бишкекке бүгүн кайтып келгенин айтты.

"Бүгүн саат 00:00гө чейин эле апам өздүк майрамым менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин арнады. 00:00 болгондо апама мени жарык дүйнөгө алып келгенине ыраазычылыгымды билдирип, куттуктадым. Эмнегедир бүгүн туулган күнүмдү белгилөөгө көңүлүм жок. Мурдагы жылдары бул күндү сүйүнүп тосуп алчу элем", - дейт ал. Ошондой эле ырчыга достору унаасынын салонуна каптама (чехол) белек кылышканын кошумчалай кетти.

Белгилей кетсек, Аваз Акимов 1990-жылы 1-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. А.Акимов Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин аяктап, "Айганыш" деген ыры менен калың элге таанылган.

1-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2017-03-01 15:32:19
Аваз байке туулган кунун мн
Сага чын Дэн соолук каалаймын
Телефон номер таштап кетсен же мага Мен ТЕЛЕФОН номерим 0771,,75,,19,,76
0
Ananai
2017-03-01 15:58:38
Хахххх,сенин номеринди Аваз созсуз жазып алат))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан