Чүй дарыясынын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 28-февралда Өзгөчө Кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматта айтылгандай, министрлик тарабынан 2013-жылы Чүй дарыясынын Токмок шаарынан тартып Камышановка айылына чейинки жээгин тосуу схемасынын башкы планы иштелип чыккан. Анда 193 кооптуу аймактар аныкталган. Ошондой эле дарыянын суусу эгин талааларын, 14 аймактагы 3 чакырым аралыкка жеткен унаа жолун, Кең-Булуң жана Бирдик айылдарындагы 200 короо-жайды алып кетүү коркунучу бар.
Мындан тышкары 2 аймакта электр өткөргүчтөрүн, 6 аймактагы калк жашаган пункттарды да суу каптап кетиши мүмкүн.
“Азыркы учурда эң кооптуу делген 2 аймакта жумуш жүрүп жатат. Алар Ысык-Ата районундагы унаа өтүүчү көпүрөдөгү Кең-Булуң чек ара бекетинде жана Токмок шаарындагы унаа өтүүчү көпүрөсүндө. Кийинки жумадан тартып дагы 3 аймакта жумуш башталат. Жалпысынан бул жылы 10 объектте жээкти бекемдөө иш-аракеттери жүргүзүлөт. 1996-жылдан тартып 2016-жылга чейин эң кооптуу делген 23 объектте жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүп, 5 миң 844 метр дамба курулду”, - деди министр өз кебинде.
Чүй дарыясы - Чүй облусун суу менен камсыздаган негизги дарыя, мындан тышкары анын агымы Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын чек арасын аныктап турат.
20 жылдан ашык убакыттан бери Чүй дарыясынын Чүйдүн түндүк-чыгыш тарабынан Сокулук районуна чейинки аралыктагы жээгин суу жеп келет.
Мунун кесепетинен калк жашаган аймакты, Бишкек-Кемин-Торугарт унаа жолдорунун четтерин жана чек ара белгилерин суу алып кетүү коркунучу жаралууда. Буга чейин Чүй дарыясы 500-700 гектар жер аянтын жеп кеткен.