Бүгүн, 1-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти, белгилүү актёр, ырчы, обончу Асылбек Өзүбеков 59 жашка толду. Туулган күнүнө карата куттуктообузга ыраазычылыгын билдирген ырчы учурда чыгармачылык менен алектенип, жумушта экенин айтты.
"Бүгүн таң эрте неберелерим биринчи болуп өздүк майрамым менен куттукташып, жакшы маанай тартуулашты. Туулган күнгө маани бербейм, андыктан бүгүн 59 жашымды белгилөөнү пландаган жокмун", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Асылбек Өзүбеков 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында туулган. 4-класска чейин айылда окуп, кийин борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке которулган. Үйлөмө аспаптарды тереңдетип окуган класста Муратбек Бегалиев сыяктуу таланттуу музыканттар менен бирге билим алган. 9-классында кайра айылга кетүүгө туура келген. Кесиби актёр. Ташкенттеги Театралдык институтту бүтүргөн. 1985-жылдан тартып ырдай баштаган. Ырчылык Асылбек Өзүбековдун экинчи коштоп жүргөн өнөрү. Ал "Фаридам", "Гүлдөй жан", "Өмүр" аттуу ырларын аткаруу менен, кыргыз элине ырчы катары таанылган.
1-мартка карата жылнаама