"Азия Микс" командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров КВНдин Премьер-лигасында калыстар тобунун катарына кирди. Бул тууралуу КВНдин расмий сайтында маалымдалат.
Кечээ, 28-февралда Премьер-лиганын биринчи сезону башталган. Анда 8 орусиялык команда оюн көрсөтүшкөн. Бул ирет калыстар тобунун катарында мекендешибиз жана орусиялык командалардын капитандары Филипп Воронин, Герман Иванов, Валерий Равдин болгон.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 23-декабрында "Азия МIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталган.