МЕДИА-ПОРТАЛ: "Оӊой тамак жок, "Табышмак сулуу" клибин тартууда көп кыйынчылыктар болду" дейт Нурмат Садыров

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү жаӊы клиптердин бири - Нурмат Садыров менен Баястан аткарган "Табышмак сулуу" ырынын клиби. Нурмат Садыров клип тартуу оӊой эмес жумуш экенин айтып, буларды билдирди:

"Оӊой тамак жок дегендей, тартуу учурунда көп эле кыйынчылыктар болду. Клип Бишкектеги эски имараттардын биринде тартылды. Анын ичин кооздоо, пальмаларды алып келүү, кар жаадыруучу аппаратты табуу, кыскасы, баарын даярдоо менин милдетим болду. Күн да суук болуп жакшы эле кыйналдык.

Баястан менен буга чейин мамилем жок болчу. Бул ирет алгачкы жолу иштештим. Абдан жакшы, адамгерчиликтүү, кичипейил бала экен. Үшүп калсам, "келиӊиз, байке, жылынып алыӊыз" деп жатты. Башкы каарман кыз да жакшы ойноп берди.

Кызыгы, клипке ылайык кийимдерди алып, бирок сумка алганды унутуп калыптырмын. Анан буюмдар салынган, эски сумканы таап, асынып алдым. Бирок кадрда анын эскилиги байкалбай калды", - дейт ырчы күлүп.

Клипти режиссёр Мирлан Саткымбаев тартканын, бардык чыгармачыл топко ыраазычылык билдирерин ырчы кошумчалай кетти.

Нурмат Садыров менен Баястан аткарган "Табышмак сулуу" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ronaldo.99
2017-03-01 18:17:07
Нурландын "Карындаш" клипбиндеги кызбы?
0
Bekish_zbp
2017-03-01 18:47:06
Ronaldo.99,
Ооба.
0
baltabai
2017-03-01 20:43:01
Ошол кыз экен го
0
Fidel
2017-03-01 21:59:17
Жаксы
0
Targarien
2017-03-02 04:13:27
Оной тамак дебей оной оокат десенер Же эмне оокатты адабий соз эмес деп озгортуп койдунарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан