“Барселонанын” машыктыруучусу Луис Энрике кызматынан кетет

Учурдагы “Барселонанын” башкы машыктыруучусу Луис Энрике быйылкы сезондун соңунда кызматынан кетет. Бул тууралуу аталган клубга шилтеме берип, чет элдик булактар жазат.

46 жаштагы машыктыруучу клуб менен жайга чейин иштейт. Луис Энрике 2014-жылдан тарта «Барселонаны» машыктырып, 2 жолу Испан чемпиондугун, Испан кубогун 2 жолу, Испан Суперкубогун, Чемпиондор Лигасын жана УЕФА Суперкубогун 1 жолудан жеңген.

Белгилей кетсек, кечээ “Барселона” Ла лиганын 25-турдук оюнунда хихондук “Спортингди” 6:1 эсебинде утуп, 57 упайы менен чемпиондукта 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми мадриддик “Реал” 24 оюндан кийин 56 упайы менен 2-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ulan2601
2017-03-02 10:42:37
Юрген Клоп келсе барсага зынк-болмок
0
Edward.14
2017-03-02 11:04:54
Куман келетко бир болсо же Аллегри
-1
Farm94
2017-03-02 13:07:03
Быйылкы сезондо барсанын коргонуусу начар болду.
-1
L_Messi
2017-03-02 15:11:57
Сампаоли келсе болот
0
moskyrsat
2017-03-02 16:17:42
Мен барат окшойм
+2
azder19
2017-03-02 19:37:12
moskyrsat,озун барат окшойсун)))
0
Higuain9009
2017-03-02 17:11:07
Барселонага окшогон командалар озунун составы менен эле ойноп коюшат да
+1
Rasul94
2017-03-02 19:05:27
роналдинио келсе кандай
+1
barsa30
2017-03-02 20:37:40
Сампаоли же Конте
0
DE_BRUYNE17
2017-03-04 12:42:38
Жайында белгилүү болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан