Атактуу англиялык актёр Дэниел Крэйг 49 жашка толду. Ал 1968-жылы 2-мартта Англиянын Честер шаарында туулган. Актёр дүйнөлүк атакка "Казино "Рояль" (2006), "Квант ырайымдуулугу" (2008), "007: "Скайфолл" Координаттары (2012) тасмаларындагы Жеймс Бонддун ролу аркылуу жеткен. Ал Бондду аткаргандардын ичинен эң көп гонорар алгандыгы менен айырмаланат. Айта кетсек, "Казино "Рояль" тасмасы үчүн 10 миллион 400 миң доллар гонорар алган. Актёрдун "Ажыдаардын татуировкасы менен кыз" тасмасындагы ролу да ал жараткан көрүнүктүү образдарынын бири болуп эсептелет.
Жеке жашоосу
Актёрдун биринчи сүйүүсү деп немис актрисасы Хайке Макатчты айтышат. Экөө "Оопайлык" тасмасын тартуу учурунда таанышкан. 7 жыл жарандык никеде жашап, кийинчерээк ортодогу сүйүү сезимдери өчкөн.
1991-жылы шотландиялык актриса Харли Лоудон менен таанышып, бир жылдан кийин никеге турушкан. Элла аттуу кыздуу болушуп, 2 жылдан ашык убакыт бирге жашашкан.
2005-жылдан 2010-жылга чейин Дэниел "Пиджак" триллеринин продюсери Сатцуки Митчелл менен мамиле курган. Башка сүйүктүүлөрүн жолуктургандай эле азыркы жубайы Рейчел Вайсты дагы киного тартылуу учурунда көрүп, жактырып калган. 2011-жылдын июнь айында сүйүшкөндөр баш кошушкан.
2-мартка карата жылнаама