Ошто 11 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Чолпон Арстанбеков билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүндө үстүбүздөгү жылдын 5-январь күнү катталган. Анда 11 жаштагы баланы белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 46 жаштагы аял 25-февралда кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.