ЖЫЛНААМА, 2-МАРТ: "Сен кереметсиң!" тасмасында роль жараткан актёр жана ырчы Ли Хон Ки 27 жашка толду

Түштүк кореялык "Сен кереметсиң!" сериалына катышкан актёр жана ырчы Ли Хон Ки 27 жашка толду. Ал 1990-жылы 2-мартта Корея Республикасынын Кванджу шаарында төрөлгөн. Ли Хон Ки кичинекей кезинде балдарга арналган тасмага тартылып, кийин ырчы болууну чечкен.

2007-жылдан баштап "FTIsland" балдар тобунда ырдай баштаган. 2011-жылы жарыкка чыккан "Сен кереметсиң!" тасмасында жараткан ролу үчүн жаңы "Drama Awards" сыйлыгынын "мыкты актёр" наамына татыган.

Актёр мындан тышкары "Менин сүйлөшкөн кызым - Кумихо", "Булчуңдуу кыз", "Норико Сеулга барат", "Ысык коштошуу", "Кылымдын келини", "Заманбап дыйкан", "Итти кантип уурдаса болот?" жана башка сериалдарда роль жараткан. 2013-жылы маникюр жасоо өнөрү тууралуу "Lee Hong Gi Nail Book" деген аталышта китеп чыгарган.

2016-жылдын август айында Ли Хон Ки актриса Хан Бо Рым менен сүйүү мамилесинде деген кептер айтылган. Ошол эле жылдын ноябрында экөө кыз-жигит экендигин жар салышкан.

2-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dastanwanted
2017-03-02 17:06:09
Жакшы
0
Satana
2017-03-02 21:55:31
Жогорку сапка жаза албайт экенмин жаны катталганым учун. Элден чогулган акчаны давно эле таратыш керек болчу. Эми элге жакшы корунуш учун Текебаев камакта кезинде таратайын деп ойлопсунда ээ ХХХ.
0
Higuain9009
2017-03-02 17:07:33
Озунон чон го суйгон кызы
0
senchi
2017-03-02 17:31:29
Насывайга тыйуу салат деген темага, тамекинер кымбаттаса элге эмне чонтогуно акча тушпой калса эл куноолубу
0
senchi
2017-03-02 17:33:06
Элдин айлыгын котор анан насывайга асыл тушундунбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан