Бишкекте мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-март күнү Биринчи Май РИИБине 70 жаштагы шаар тургуну кайрылып, белгисиз адам короосундагы кочкорун уурдап кеткенин билдирген. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.А. кармалган. Азыркы тапта "мал уурдоо" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.