
Кыргыз режиссёру
Тынчтык Акималиевдин "Неоконченные сны" аттуу тасмасы Индияда өткөн "Golden Triangle" эл аралык кинофестивалында "Мыкты кыска метраждуу тасма" аталды. Бул тууралуу 2-мартта “Айтыш-фильм” киностудиясынын басма сөз катчысы
Чолпон Идрисова билдирди.
Маалыматка караганда, кинофестиваль 23-28-февраль күндөрү Бхубанешвар шаарында өткөн. Анда буга чейин КМШ, Балтия, Грузияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлык алган тасмалар көрсөтүлгөн. Кыргыз режиссёрлору Тынчтык Акималиев, Наргиза Маматкулова, Елизавета Стишова, Алижан Насиров, Руслан Акун, Чолпонай Борубаева, Асан Жанталиев, Кымбат Адылбекова, Болсунбек Таалайбек уулунун тасмалары аталган кинофестивалда тартууланган. Индиялык кинофестивалдын дирекциясы Кыргыз жеринде өтө турган кыска метраждуу тасмалардын фестивалы менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.