Жалал-Абад шаарында эки мектеп окуучусу бычактан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2-март күнү түшкө маал Спутник кичи районундагы бош имараттардын биринде болгон. Анда №19-мектептин окуучусу №9-мектептин эки окуучусун бычактап салган. Алардын биринин абалы оор болсо, бири жеңил жаракат алган. Бул кылмышка шектүү катары №19-мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.