Алай тоо кыркаларында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Алай тоо кыркаларында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө 2-март күнү саат 20:01 чамасында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында, Алай тоо кыркаларында катталган. Анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Ал эми Алай районундагы Бор-Дөбө айылында анын күчү 2,5 балл сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан