Жайыл районунда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи бир адамды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 137-чакырымында болгон. Анда Орусия өлкөсүнө таандык оор жүк ташуучу унаа Тажикстанга бара жаткан. Айдоочу унааны токтотуп текшерип жаткан учурда, анын жардамчысын унаанын чиркегичи басып калган. Анын кесепетинен Тажикстандын жараны З.А.М. ошол жерде каза болгон. Ал эми айдоочу жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.