Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолунда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү

Бүгүн, 3-мартта Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Кырсыкка Мерседес Бенц кичи автобусу менен Мазда үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кабылган. Жол кырсыгынын кесепетинен кичи автобустун алдыңкы бөлүгү жараксыз абалга келди. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Чүй облустук Патрулдук милициясына бул жол кырсыгы тууралуу маалымат түшпөгөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. "Айдоочулар Патрулдук милицияга кайрылбай, ким күнөөлүү экенин өз ара чечишип алышы мүмкүн. Ошентсе да биздин кызматкерлер иликтөө иштерин жүргүзүп баштады", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан