Бүгүн, 3-мартта "Дордой" футболдук клубунун коргоочусу, "кара кыргыз" атыккан футболчу Даниэл Тего (толук аты-жөнү Даниэл Нии Арма Тего) 31 жашка толду. Спортчуну куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, футболдук беттешке даярданып жатканын айтты.
"Бүгүн "Алай" футболдук клубу менен ойнойбуз. Беттештен кийин үй-бүлөм менен бирге өздүк майрамымды белгилейин деп жатам. Туулган күн бир жылда бир эле жолу келет эмеспи, андыктан бул күнгө маани берем. Былтыр өздүк майрамымды жубайым экөөбүз эле белгилеген болсок, бүгүн кызым үчөөбүз тособуз. Саат 00:00дө жубайым куттуктап, белегин тартуулады. Эмне белек экенин айтпай эле коёюн", - деди ал.
Белгилей кетсек, Д.Тего 1986-жылы 3-мартта Батыш Африкадагы Гана Республикасынын Аккра шаарында жарык дүйнөгө келген. 2008-жылдан тарта Кыргыз мамлекетинде жашайт. Маалыматтарга караганда, Даниэл Ганадагы жергиликтүү бир уруунун падышасынын уулу. 2015-жылы Элнура аттуу кыргыз кызына үйлөнгөн. Былтыр апрель айында түгөйлөр кыздуу болушуп, ага Данэлия деген ысымды ыйгарышкан. Футболчу Кыргыз өлкөсүнө келген соң ислам динин кабыл алган.
3-мартка карата жылнаама