Баткен облусунда жыл башынан бери мыйзамсыз курал сактаган 11 адам кармалды

Баткен облусунда жыл башынан бери 43 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз ок атуучу курал сактагандыгы үчүн 11 жаран кармалып, алардын ичинен беш адамга кылмыш иши козголгон. Ал эми калгандарына административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 8800 сом айып пул салынган.

Мындан сырткары облус аймагында мыйзамсыз сакталган 23 даана ок-дарылар алынган.

Облус аймагында "Арсенал" операциясы өткөрүлүп келет. Бул иш-чаранын негизги максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды аныктоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2017-03-03 12:25:30
Барселона деген операция качан откорулот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан