Вагондо күн кечирген Аскат Букарбаевди колдогон кайрымдуулук концерти болуп өттү

Вагондо үй-бүлөсү менен күн кечирген Аскат Букарбаевди колдоо максатында уюштурулган кайрымдуулук концерти 1-мартта болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG`ге билдирген Аскат концертке катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирип, андан түшкөн каражатты банкка депозитке салып койдук дейт.

"1-март күнү концертти жакшы өткөрүп алдык. Ырчылар Кенже Кубатова, Айдин Жумалиев, Эрик Жумакматов, Эркин Турдубаев жана башка 100гө жакын адам келди. Анда жалпы 54 миӊ сомдой чогулду. Акчаны өлкөдөгү банктардын бирине алып барып, депозитке салып койдук. Ал эми жардам сурап кайрылган мекемелерден азырынча эч кандай жооп жок. Президенттик аппарат да жооп бере элек, эми бербей калышты окшойт", - дейт А.Букарбаев.

Белгилей кетсек, ушул жылдын январь айында 27 жаштагы, I топтогу майып, айыккыс оору (гемофилия) менен төрөлгөндөн тарта ооруп келе жаткан Аскат Букарбаев тууралуу маалымат SUPER.KG порталына чыккан. Ошондон кийин ага коомчулук жардамга колун сунуп, президенттик аппараттан да кабар алышканы тууралуу баяндаган элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
farida.kg.1991
2017-03-03 14:34:06
54 мин азго мен 100минден ашса керек деп ойлодум.
+1
ariet.kaary90
2017-03-04 05:02:07
Алла Таала жакшы коргон пендесин оору берип, кыйынчылык берип сынайт баардык нерсе Аллахдан болот, баары Аллахтын колунда сабыр кыл сага шыфаасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан