Белгилүү ырчы, "Turkvizyon-2015" эл аралык сынагынын жеӊүүчүсү Жийдеш Идирисова кош бойлуу сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Кош бойлуу учуру тууралуу: "Эне болуу кандай бакыт. Ар бир үйдө бешик термелип, наристенин каткырыгы үзүлбөсүн. Жакында биздин үйдө наристе жарык дүйнөгө келет", - деп жазган ырчы SUPER.KG`ге буларды билдирди.
"Учурда жолдошума эле эмес, жакындырымдын баарына абдан эркелеп жаткан учурум. Буюрса, көптөн күткөн наристебиз май айынын ортолорунда жарык дүйнөгө келет", - дейт.
Белгилей кетсек, ырчы буга чейин бир кызды тарбиялап келген.