Бишкекте дипломатиялык номер тагылган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 2-март күнү саат 18:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №93-үйдүн каршысында болгон. Анда Мерседес Бенц, Тойота Ленд Крузер, Шевроле Трейлблейзер жана Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен Шевроле Трейлблейзер унаасындагы 2014-жылы туулган бала жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле үч унаа айып жайга киргизилип, дипломатиялык номер тагылган Тойота Ленд Крузер унаасы элчиликке жеткирилген.
Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы унаа кайсы элчиликке таандык экенин айтышкан жок.