Учурда орусиялык "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Дарья Антонюк, финалчылар Кайрат Примбердиев, Александр Панайотов, Сардор Милано, долбоордун дагы бир катышуучусу Михаил Житов жана анын "Vougal" тобунун аталган өлкө боюнча турнеси кызуу уланууда. Аталган долбоордун расмий баракчасындагы маалыматка ылайык, январь айынын акырында башталган турне 3 айга чейин созулат.
Турненин алкагында Владивосток шаарында болгон концерттин жарым сааттык бөлүгү интернетке жүктөлгөн. Анда мекендешибиздин аткаруу чеберчилиги, энергиясы менен залдагы көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулаганы байкалат.
Ал эми ырчынын жубайы, менеджери Эльвира Примбердиеванын айтымында, аталган өлкөнүн бир нече шаарларына концерт коюу керек болгондуктан ырчылардын графиги абдан тыгыз болуп, бош убактылары дээрлик жок. "Өзүӊөр билгендей, Орусиянын шаарлары бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан. Андыктан гастролдо жүргөн ырчылардын бош убактылары дээрлик жок болуп жатат. Дайыма жолдо жүргөндүктөн бирде интернет бар, бирде жок болуп, Кайрат менен көп байланыша элекпиз", - дейт Э. Примбердиева.
Белгилей кетсек, мекендешибиз "Голос" долбоорунун финалында 3-орунду алган.