Көчмөн турмушка тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган "Кийиз дүйнѳ – кѳчмѳн руху" долбоорунун алкагында алгачкы жолу "Кыздын кийими" студенттер аралык республикалык сынагы 4-мартта болуп ѳттү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге уюштуруучулар маалымдашты.
Долбоордун алкагында 7 жогорку окуу жайдан 43 студент катышкан. Анда ар бир катышуучу бир кыздын (7 жаштан 13 жашка чейин) толук кийимин тигип, калыстар тобуна өз эмгегин тартуулаган.
"Бул сынакты алгачкы жолу өткөрдүк. Андыктан студенттер биздин максатты түшүндүбү, кандай эмгектерди алып келет деп ойлондук. Катышуучуларга кыска убакыт берилгенине карабай, жакшы эмгектерди көрсөтүштү. Бизди студенттердин изденгени, салттуу билимге кызыкканы кубандырды. Сынак аркылуу аларга нукура кыргыз кийими, салттуу билим боюнча "үрөн сээп койдук" десек болот. Калыстар тобу да кимдир бирөө алыстан келиптир же дагы башка нерсеге шылтоолобой, мыкты эмгектерди тандап беришти. Бул башталышы гана, кийинки сынактарды мындан да чоӊ деӊгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз", - дейт сынактын уюштуруучусу, дизайнер Айдай Асангулова.
Калыстар тобунун чечими менен баш байгени 3-курстун студенти Канышай Мусаева алган. Ал эми 1-орунду Таалайбек кызы Асел, 2-орунду Абдухами кызы Минура алса, ал эми 3-орун Динара Султановага буюрган. "Миң кыял" коомдук фондунун атынан бардык катышуучуларга Ардак грамоталар берилип, салттуу билим боюнча видео сабактар, кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, февраль айында кыргыз элинин көчмөн турмушуна тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган "Кийиз дүйнө – көчмөн руху" долбоорунун алкагында студенттер арасында "Кыздын кийими" республикалык сынагы жарыяланган.
Сынактын максаты - кыргыз элинин салттуу кийимдерин жайылтуу, баркын көтөрүү, салттуу билимди алып жүрүүчүлөр менен жаштар ортосунда байланыш түзүү, студенттердин салттуу билимдер жана нукура ыкмалар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.