"Тамашоу" Лигасынын Ак калпак кубогун "Универсал" командасы багынтты (фоторепортаж)

Бүгүн, 5-мартта Ак калпак күнүнө карата Бишкектеги "Сейтек" борборунда "Тамашоу" долбоорунун 9-сезонунун Ак калпак кубогу болуп өттү. Анда "Универсал", "Бугу", "312" командалары "Саламдашуу", Ким тапан?", "Видеосынак", "Музыкалык үй тапшырма" сынактары боюнча кубок үчүн күч сынашышты. Бул күнү SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, режиссёр Рысбек Жабиров, "KG group" компаниясынын директору Имамидин Ташев, ырчылар Урмат Усенов, Курал Чокоев, юрист Жоомарт Жолдошев, "тамашоучу", "No name" командасынын оюнчусу Кадыр Жарматов калыстык кылды.

Командалар коомдо, саясатта болуп жаткан окуяларды тамаша аркылуу көрсөтүп жатышты.

2016-жылдын 10-сентябрында SUPER.KG порталынын кубогунда "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев "Мыкты оюнчу" аталып, Бали аралына жолдомо утуп алган эле. Ушул жылдын 12-февралында "Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен Бали аралында эс алып келген, бети "капкара" болуп күнгө күйгөн "тамашоучуну" бул ирет командасындагы жигиттер тамашага салышты.

"Ким тапан?" сынагындагы күлкүлүү суроо-жооптор:

Кадыр Жарматов: "Мен оюнга калыстар тобуна келдим, Мурат эмнеге келди?"

Бул суроого "Оштуктар өзү ушундайсыңар. Бирөөнү чакырса, баарыңар келип аласыңар", "Мурат ака, бизди уят кылбай Ошко кетип калыңчы", "ичи күйгөнүнөн ээрчип келет да" деген жооптор болду.

Жоомарт Жолдошев: "Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил. Ак калпакчанды көрсөң кыргыз деп бил. Башында баш кийими жокторду ким деп билебиз?"

Буга "жөн эле ээрчип келген оштук деп бил", "Площадга чыккан митингчилерди көрсөң, Текебаевчи деп бил" деген жооптор берилди.

Курал Чокоев: "Кокон гилас деген эмне?"

"Ал закуска", "Аха, билбесеңиз эмне ырдайсыз" деген жооп болсо, Имамидин Ташевдин "Сиз милиционер болсоңуз, кашыңызды бирөө жара тепсе эмне кылмаксыз?" деген суроосуна "тамашоучу" жигиттер "ушул сурооңуз үчүн жооп берип калбайсызбы?", "Кашты жара тепсе эч нерсе эмес, башка жерди жара тепсе болбой калмак экен", "мен жара сүзмөкмүн" деген күлкүлүү жоопторду узатышты.

Калыстардын чечими менен Ак калпак кубогун "Универсал" командасы жеңсе, 2-орунду "Бугу" командасы камсыз кылды, ал эми 3-орун "312" командасына буюрду.

"Универсал" командасы "Музыкалык үй тапшырма".
"Универсал" командасы Ак калпак кубогун жеңип кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Janar9191
2017-03-05 23:25:09
Азаматсынар жагымдуу тамашалар болуптур, еми ушуну толугу менен ертереек интернетке жуктосонор жакшы болмок
+4
Dante
2017-03-05 23:51:57
Жакшы менам оштон болом
+6
baltabai
2017-03-06 00:40:25
Жакшы Жан к экен
+1
Doni99
2017-03-06 00:52:34
Tamashow emnege murunkudai emes
Kyzygy ketip kaldy ?
Anan Suport ordosunda bolot ele kichine zalga otkorup kalypsynar?
+4
LEGENDA.
2017-03-06 01:43:01
Жигиттер,Моника Белуччи,Но нейм,Ак-Кеме,Ак-Өргө,Кж-77 командалары кызыктуу тамашаларды аткарышчуу.) Азыркылар өтө эле "дохлый" болуп кетти,көргүң деле келбейт.))
+6
KaiMak
2017-03-06 02:01:04
быйыл Садык катн алаткен да
+1
nemo2016
2017-03-06 02:02:12
Эрмек нурбаев изденсен боло башкача программаларды киргизип тамашоунун денгели томондоп кетти
+5
Guji
2017-03-06 02:50:40
Өзү эн күлкүлүү тамашаны Унверсал командасы аткарат.Башкаларына күлкүн эмес аллергиян чыгып кетет тантырап атканына.
+7
Guji
2017-03-06 03:03:08
Айтышына боорум эзилип калды.
+2
Tyty1990
2017-03-06 09:14:02
Ош универсал азаматтар
+1
maku88
2017-03-06 09:40:31
Жигар ака ука дебейэле кыргыча суйлошсо болбойбу
-5
adilet9090
2017-03-06 10:14:59
Тамашоу эмнеге [moderated]тан чыкпай калган ?
0
jazmina909090
2017-03-06 10:18:13
Тамашоу менен тең тайлаша турган дагы 2 3каманда болсо тамашоуго бармакмын
+1
Ronaldo.99
2017-03-06 15:39:14
Эмнеге Спорт Ордосунда болбой калган Тамашоу?
0
kyrgyz.93
2017-03-07 04:04:32
Азаматсынар бар болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан