Борбордук Америкадагы Панама өлкөсүндө автобус капчыгайга кулап, 16 адам курман болду, 35 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын көбү оор абалда. Жумушчуларын салып бараткан автобус мамлекеттин борбору Панама шаарынан 170 чакырым алыс жерде көпүрөдөн кулап түшкөн. Ошондой эле автобустун өзү жана анын ички бөлүгү айдоочу отурган жерди басып калган. Кырсыктын себеби айдоочунун башкарууну жоготуп койгондугу болушу мүмкүн деп айтылууда.