Токтогул районунда оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-март күнү саат 09:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 263-чакырымында Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Унаанын айдоочусу жана анын жардамчысы жеңил жаракат алышкан.