Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим күрөшү боюнча балбаны Калы Сулайманов Түркияда өткөн “Vehbi Emre & Hamit Kaplan” эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.
Маалым болгондой, 59 килограммга чейинки салмакта финалга эки кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков менен Калы Сулайманов чыгышкан. Жыйынтыгында Калы Сулайманов мелдештин жеңүүчүсү аталса, Каныбек Жолчубеков күмүш медалга татыды.
Белгилей кетсек, январь айында өткөн Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунда бул салмак категориясында финалда Каныбек Жолчубеков Калы Сулаймановду жеңип алган.