"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кант шаарында чыккан өрттөн турак үйдүн чатырынын 35 чарчы метр жери күйүп кетти

Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын Бусулаев көчөсүндө жайгашкан унаа тетиктерин саткан жайдан чыккан өрт тууралу ӨКМнын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Өрт аянты 400 чарчы метр болгон унаа тетиктерин сатуучу темирден жасалган контейнердин ичинен чыккан. Натыйжада андагы 15 автоунаанын дөңгөлөктөрү, 10 даана кыймылдаткыч бөлүктөрү күйүп кеткен. Ошондой эле анын жанындагы турак үйдүн чатырынын 35 чарчы метр жери, 2 эшик, терезе, шкаф күйгөн".

Маалыматка ылайык, өрт электр ширетүү ишиндеги коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-мартта окурман Элдик кабар бөлүмүнө WhatsApp аркылуу Канттагы унаа тетиктерин сатуучу жайда өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан