Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча өлкө биринчилиги – Суперлиганын финалына чыккан командалар белгилүү болду. Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгында Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы жана Ош шаарынын “EREM” командасы 1-орун үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
“Мурас” командасы жарым финалдык оюнда Нарындын “Востокэлектро” командасын жеңсе, ал эми “EREM” Бишкектин “Алга” командасынан күчтүү болду.
Финалдык жана 3-орун үчүн болгон оюндар 11-мартта жана 20-мартта өтөт.
3-орун үчүн Нарындын «Востокэлектро» командасы менен Бишкектин «Алга» командасы ат салышса, финалдык оюнда “EREM” «Мурас» командасы менен кез келет.