5-мартта АКШнын Нью-Йорк шаарында жиу-житсу боюнча эл аралык “BJJ Pride Championship 2017” мелдеши болуп өттү. Анда Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары билдирет.
Маалым болгондой, 86 килограмм салмакка чейинки категорияда катышкан Муртазалиев финалда жергиликтүү спортчуну жеңип алган.
Белгилей кетсек, Абдурахманхажи Муртазалиев аталган спорт түрү боюнча апрель айында БАЭде өтө турган Дүйнө биринчилигине катышат.