Бүгүн, 6-мартта КВНчи, шоумен, тамада Улан Барпиев 33 жашка толду. Шоумен өздүк майрамын тынч жайда, үй-бүлө мүчөлөрү менен белгилерин SUPER.KG`ге билдирди.
"Бүгүнкү майрамдык маанай эӊ сонун. Кандай белгилөө тууралуу азырынча план жок. Тынч эле үйдөгүлөр менен белгилейбиз. А мүмкүн кечке маал достор менен жолугуп, чакан майрамдап коёрбуз", - дейт шоумен өздүк майрамы тууралуу.
Белгилей кетсек, Улан Барпиев Таластын Шекер айылында туулган. Бишкектеги №36-мектепти аяктаган. Улан Барпиев университетте окуп жүрүп КВНде ойноп калган. Андан сырткары ал өзүн актёр катары сынап, казак, өзбек жылдыздары катышкан "Туман" аттуу тасмада роль жараткан.
Ошондой эле ал спорт менен тыгыз машыгып, футбол ойнойт. "Супер-Инфо" гезити 2012-жылы уюштурган "Супер футболдо" мырзалар арасында мелдеште эң көп гол киргизип, "Мыкты футболчу мырза" болуп табылган.