Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин паракорлукка катыштыгы болгонун тергөөчүлөр аныкташты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бири "Ёнхап" жазып чыкты.
Маалыматка караганда, дээрлик эки айдан ашык убакытка созулган тергөөнүн жыйынтыгында, Пак Кын Хенин жана анын айланасындагылардын "паракорлукка", "бийликти кыянаттык менен пайдаланууга" катыштыгы болгону тастыкталган.
Ошондой эле Пак Кын Хе президенттик администрацияга сын көз караш менен караган 9473 маданият ишмеринин кара тизмеге киргизилишинен кабардар болгон.
"Президент айым жана анын курбусу тыңшоолордон качып, 2016-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин башка адамга катталган мобилдик телефон колдонушкан. Бул Түштүк Кореянын мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.