Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкери тергөө абагындагы жаранды кыйноого алышканы үчүн соттолушту

Үстүбүздөгү жылдын 2-март күнү Бишкектин Октябрь райондук соту "кыйноо" боюнча айыпталган Жазалардын аткаруу мамлекеттик кызматында иштеген 4 жарандын ишин карады. Анын жыйынтыгында №1-СИЗОнун С.А., М.Т., Б.С. аттуу үч кызматкери жана Жазалардын аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынын кызматкери С.У. күнөөлүү деп табылып, сот ар бирин 7 жылга эркинен ажыратты. Алар сот залынан камакка алынышты.

Айта кетсек, 2014-жылдын 29-январында жогоруда аты аталган кызматкерлер тергөө абагындагы И.Н. аттуу жаранды "№47-түзөтүү абагынын кызматкери Ш.Мны бычак менен сайгам" деп айттыруу үчүн кыйноого алышкан. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, 2014-жылдын 14-апрелинде ишти Октябрь райондук сотуна жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_zhoni
2017-03-06 23:17:14
4эмес баардыгы кыйнашат башына пакет кийгизип мойнуна албасан олтуробуз дешет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан