ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: 76 жыл мурун атактуу советтик театр жана кино актёру Андрей Миронов туулган

Мындан 76 жыл мурун, 1941-жылы 6-мартта атактуу советтик театр жана кино актёру, Орусиянын Эл артисти Андрей Миронов Москвада төрөлгөн. 1958-жылы Вахтангов театрынын алдындагы Борис Щукин атындагы окуу жайга тапшырган. 1960-жылы "Бул сүйүү болсочу?" аттуу тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1963-жылы "Үч кошуу эки" тасмасында башкы ролду жаратып, ийгиликке жетишкен. 1966-жылы Андрей Миронов тартылган "Автоунаадан абайла" тасмасы көптөгөн чет элдик сыйлыктарга ээ болгон. 1968-жылы 28-апрелде ал роль жараткан "Бриллиант кол" тасмасынын кеңири премьерасы болуп, рекорддук 76 миллион 700 миң адам чогулган. Андрей Миронов мындан тышкары көптөгөн тасмаларга тартылып, бир нече сыйлыктарга ээ болгон.

1987-жылы 14-августта Ригадагы театрда мээсине кан куюлуп, спектаклде акыркы эпизодду ойногонго жетишпей калган. Дарыгерлер эки күн бою анын дем алуусун жана жүрөк согуусун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок актёр 1987-жылы 16-август күнү 46 жашында каза болгон. 20-августта анын сөөгү Москвадагы Ваганьков көрүстөнүндө коюлган.
Жеке жашоосу
Актёр 1971-1976-жылдары Екатерина Градова менен никеде туруп, Мария аттуу кыздуу болушкан. Ал эми 1977-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Лариса Голубкина менен бирге түтүн булаткан.

7-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан