ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: Британиялык актриса, "Оскар" сыйлыгынын ээси Рэйчел Вайс 47 жашка толду

Британиялык кино жана театр актрисасы, "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Рэйчел Вайс 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 7-мартта Улуу Британиянын Вестминстер аймагында жарык дүйнөгө келген. 14 жашында модель катары өзүн сынап көргөн. Мектепти аяктаган соң Кембридж университетинин англис адабияты бөлүмүнө кирген. Студенттик театрга кирип, көп ролдорду аткарган соң сынчылардын мактоосуна арзыган. 25 жашында "Билинбеген сулуулук" тасмасына тартылып, кинодогу алгачкы ролун жараткан. Андагы ролу анча чоң эмес болгонуна карабай, режиссёрлор жана продюсерлер талантына баа беришкен. Андан кийин "Мумия" тасмасына тартылып, бул кино ага атактуулук алып келген. Мындан тышкары "Дарбазадагы душман", "Константин: караңгылыктын өкүмдары", "Оз: улуу жана коркунучтуу", "Терең көк деңиз", "Фонтан", "Берилген багбан" жана башка бир нече фильмдерде роль жараткан. 2006-жылы "Берилген багбандагы" ролу үчүн "Алтын глобус" жана "Экинчи пландагы мыкты актриса" номинациясында" "Оскар" сыйлыктарын алган.

Жеке жашоосу

Актрисанын биринчи чоң сүйүүсү режиссёр Сэм Мендес болгон дешет. Бирок экөөнүн ортосундагы мамиле аз убакыттан кийин токтоп калган. Кийинчирээк Вайс дагы бир режиссёр Даррен Аронофски менен мамиле куруп, 2006-жылы Генри аттуу уулдуу болушкан. Бирок түгөйлөрдүн үйлөнүү тою болгон эмес. 2010-жылдын аягында Рэйчел менен Даррен андан ары бирге болбой тургандыгын айтышкан.

Кийинчерээк актриса тасмага тартылуу учурунда актёр Дэниел Крэйг менен таанышып, 2011-жылдын жай айында ага турмушка чыккан.

7-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан