Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен улгайган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-март күнү ӨКМнын 22-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү №83-үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен. Үйдүн ичинен 1932-жылы туулган эркек адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.