Бүгүн, 7-марттан 8-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери старт алат. Анда Неаполь шаарында жергиликтүү “Наполи” мадриддик “Реалды” кабыл алат. Ал эми Лондондо “Арсенал” мюнхендик “Бавария” менен күч сынашат.
"Наполи" (Италия) - "Реал Мадрид" (Испания)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:3
Стадион: Неаполь шаары, "Сан-Паоло” стадиону
Калыс: Жүнейт Чакыр (Түркия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Эки команданын Мадридде өткөн беттешинде “Реал” “Наполи" дарбазасына 3 гол киргизгени менен өздөрүнө бир гол өткөрүп алган. Бул гол жооптук беттеште чечүүчү мааниге ээ болушу ыктымал. Себеби “Наполинин” чейрек финалга чыгуусу үчүн жоопсуз эки гол жетиштүү болот. Эки команданын курамында тең негизги оюнчулардан жаракат алгандар жок. Италиялык клубдун жарым коргоочусу Дрис Мертенс “Рома” менен болгон оюнда жаракат алганы менен, бул оюнда майданга чыкканга даяр. Ал эми “Эйбар” менен болгон оюнга катышпай калган Криштиану Роналду да оюнга катышат.
"Арсенал" (Англия) - "Бавария" (Германия)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:5
Стадион: Лондон шаары, "Эмирейтс” стадиону
Калыс: Тасос Сидиропулос (Греция)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Лондондук “Арсенал” Мюнхенде конокто өткөргөн оюну үчүн өз үйүндө татыктуу жооп бериши керек. Күйөрмандары үчүн гана эмес, машыктыруучусу Арсен Венгер үчүн да. Себеби бул оюндан кийин лондондук клубдун күйөрмандары Арсен Венгердин кызматтан кетүүсүн талап кыла башташкан. Алексис Санчес жана анын командасы “Баварияны” жеңүү үчүн алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өтөбүз деп билдиришти. Буга Карло Анчелоттинин шакирттери кандай контрчабуулдарды даярдашканын бул беттештен көрө алабыз.