Өзгөн районунун Шоро жана Допу тилкелеринде жер көчкү түшүү коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-март күнү Өстүрүү айылынын Шоро жана Допу тилкелеринин жогору жагында жер сүрүлүп жаткандыгы байкалган.
"6-март күнү Допу участкасында изилдөө иштери жүргөн. Натыйжада сүрүлүп жаткан жердин тушунда 2 турак үйдөн башка үйлөр жок экендиги аныкталган. Коопсуздук үчүн жер көчкү коркунучу жаралган 2 үйдүн жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Ал эми Шоро участкасындагы сүрүлүп, жаңы жарака пайда болгон жер 30 сантиметрге чейин чөгүп, 50 сантиметр аралыкка чейин жылган. Учурда көчкүнүн жанында жашаган 10 турак үйдөн 6 үй-бүлө 8-февралда көчүп чыгып, 4 үй-бүлө түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.