Ысык-Көл облусунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 18-февраль күнү милиция кызматкерлерине Саруу айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам сарайда байланып турган уюн уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 23 жаштагы К.Нурбек, Б.Мурат, М.Акжолтой кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, башка мал уурулук фактыларына тиешеси бар же жогу такталууда.