УКМК: "Жол кырсыгы боюнча иликтөө жүрүүдө, жыйынтыгында кызматкерге катуу чара көрүлөт"

Бишкекте УКМК кызматкери себепчи болгон жол кырсыгы боюнча Өздүк коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, ички иликтөөнүн жыйынтыгында УКМК кызматкерине катуу чара көрүлөт.

Айта кетсек, окуя 6-март күнү саат 22:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү АКШ элчилигинин жанында болгон. Анда жол четинде курчоодо турган Октябрь РИИБинин кызматкерин УКМК кызматкери унаасы менен сүзүп кеткен. Милиция кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми мас абалындагы УКМК кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2017-03-07 12:05:10
Карга карганын козуну чокубайт Рахат мырза эч кандай Чара колдонбой калдынарго
+2
A.Alymbek
2017-03-07 13:08:43
Бир аздан кийин эле УКМК кызматкери арты кун менен арыз жазып иштен кеткен болуп чыга келет..
+1
nurbek11
2017-03-07 13:56:18
Иштен чыкса жакшы бирок ал башка райнодун милиция болумундо иштей берет. Жакшы жаракат алган карапайым адам эмес экен. Болбосо ал куноолу болуп чыгат эле. Ах аттин заманын курсун.
+2
Arlenchik
2017-03-07 19:22:43
Катуу жазага тартып башка жакада иштебегендей кылгыла, жумушка кире албай жургондор канча ордуна башканы аласынар, ушунтип ичип алып айдагандардын вообщеле айдоочулук укуктан ажыратып салган мыйзам кабыл алынса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан