Сузакта Ооган согушунун катышуучусу аялын, баласын бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салган

Сузак районунун Ырыс айыл округунда Ооган согушунун катышуучусу аялын, баласын бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-март күнү саат 15:30 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция, прокуратура кызматкерлери барышып, турак үйлөрдүн биринин жанынан 1962-жылы туулган үй ээси К.Анын жансыз денесине күбө болушкан. Кийин үйдүн короосунан үй ээсинин 1963-жылы туулган Э.Х. аттуу аялынын, үйдүн ичинен 1996-жылы туулган К.А. аттуу баласынын жансыз денелери табылган. Ал эми 1988-жылы туулган К.Р. аттуу кызы аймактык ооруканага жеткирилген.

"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 1962-жылы туулган үй ээси Ош облусундагы психикалык ооруканада дарылануудан өтүп турчу. Ал Ооганстанда кызмат өтөп, ошол жакта катуу жабыркаган. 5-март күнү үй-бүлөдө чыр чыккан. Ал эми 6-март күнү эртең менен үй ээси "мечитке кеттим" деп кетип, кайра саат 15:00дө келип, үй-бүлө мүчөлөрүн бычактаган. Андан соң өзүнө бир канча жолу бычак сайган. Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ak_Bulut
2017-03-07 12:54:08
Туйата жинди десе...
+1
Hurem
2017-03-07 13:34:28
Ушундай психикалык жактан оорулуу адамдардын айынан канча адам бодо олумго дуушар болууда. Бул адамдар жырткыч жаныбардай сыяктуу болуп калышат го, любой момент кол салып жиберет. Жакындарына сабыр берсин.
+2
Begimkyz.
2017-03-07 13:57:38
Жайы жаннатта болушсун!!! Жаз келгенде нервдер козголот деген чын окшойт да , жаман иш болду. Кудайым бейишине алса экен!
+8
anar8672
2017-03-07 14:12:51
Шорун каткыр Жаннаттан жай берсин Аллах
+1
Nurka8931
2017-03-07 14:18:06
Жашоо эмне болуп баратат
+1
Benazir08
2017-03-07 14:57:24
Эми кимге козголот эле. Кызынын ден соолугу болсун эми....
+2
Dante
2017-03-07 15:06:53
Бироону же озун олтуру мн бир тыйында пайда тапбайт сабрду болгула
+1
tatynam_88
2017-03-07 15:30:23
Ооган ардагерлери кобунчосу жини бат келип озун башкара албай калат дешет ко.кан кечкен адамда баарыбир терс сезимдер калат экен да.кудайым тынчтык берсин.менин атам да Афганец
+3
Marat-m
2017-03-07 15:51:46
Авган согушуна катышкан кишини
камап же жоопко тарта албайт
деп укканым бар
+4
HypcylTAH
2017-03-07 16:45:44
Marat-m,
Кимди жоопко тартмак эле, бычактаган адам озу каза болсо.
0
Marat-m
2017-03-07 19:48:28
HypcylTAH,
Толук жазбай калыпмын
эгер туруу калганда деген ой болчу
+1
Begmat1992
2017-03-07 16:57:02
Кантип ушундай болсун жинди болсо да оз баласын кантип олтурот
0
NARYNGRAD
2017-03-07 21:57:37
Эээ балдарым, мындайды контузия деп койот. Андан кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан