ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: Мушкер Валентина Шевченко 29 жашка толду

Кыргыз мамлекетинен чыккан чыгаан спортчу Валентина Шевченко бүгүн, 7-мартта 29 жашка толду. Ал 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. В.Шевченконун жетишкендиктери - Муай тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк күрөш искусствосу оюндарынын 2 жолку жеңүүчүсү, кикбоксинг жана К1 боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону жана MMA боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" наамынын ээси.
Валентинанын апасы Елена таэквондо менен машыккан. Эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашында түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучуга барып тарбияланган.
Муай тайдан ага Кыргыз өлкөсүндө, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "КРнын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орундарды алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган.
2017-жылдын январь айында ал эң белгилүү UFC уюмунун рейтингинде өз салмагында 1-орунду ээлеген. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 28-январында өткөн "UFC on FOX 23" мелдешинде америкалык Жулианна Пеньяны жеңген. В.Шевченко Кыргыз Республикасынан тышкары Орусия жана Перу өлкөлөрүнүн жараны.

7-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ronaldo.99
2017-03-07 14:33:32
Ооо Куттуктаймын!
0
syimyk_ataiuulu
2017-03-07 15:34:34
С днюхой Валючка мы тобой гордимся:)
0
nur_zhoni
2017-03-07 21:46:06
Эркек пуля
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан