Мекендешибиз Урмат Мырсаканов Орусияда өтүп жаткан "Ты супер!" долбоорунун кийинки баскычына кызуу даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Урмат тарбияланган Бишкектеги балдар үйүнүн директору Оксана Орозбаева билдирди.
"Урмат сынактын 1-баскычынан ийгиликтүү өттү. Учурда Москва шаарында сынактын кийинки баскычына даярданып жатат. Сабактары да үзгүлтүккө учураган жок. Долбоордун келишиминде сабактары токтотулбайт деп жазылган эле. Анын негизинде кыргыз тили жана башка сабактар боюнча билим алууда. Аны менен кошо биздин социалдык кызматкер чогуу кеткен. 12-15-март күндөрү 2-баскычы өтүп, жеӊүүчүлөр аныкталат", - дейт О. Орозбаева.
Белгилей кетсек, 5-мартта Урмат Мырсакановдун аталган долбоордун кийинки баскычына өткөнү белгилүү болгон.
2017-жылы Орусиядагы НТВ телеканалы "Ты супер!" аттуу эл аралык балдардын вокал сынагын баштаган. Сынакка Орусия, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Эстония жана Түштүк Осетиядагы балдар үйүнүн, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана багып алынган үй-бүлөдөгү 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар катыша алышат.